Жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылын 15-сентябрда баштоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу окуунун нөөмөтү жылдырылды.

Ал эми окуу жылын 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда. Окуу программаларын толук өздөштүрүү жана билим берүүнүн сапатын сактоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт. 
Бул максатта билим берүү процессин уюштурууга айрым өзгөртүүлөр киргизилет. 6­-11-класстын окуучулары үчүн окуу жыл ичинде ишемби күндөрү кошумча 8 окуу күнү өткөрүлөт. 

Алардын графиги ар бир мектеп тарабынан өз алдынча түзүлүп, ата-энелер жана тиешелүү билим берүү органдары менен макулдашылат.

Ал эми 1-5-класстар үчүн мурдагыдай эле 5 күндүк окуу режими сакталат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү тескемеге парламент төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Белгилей кетсек, Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле төраганын орун басарлык милдетин дагы аткарган.

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү күчөтүп жатканын билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана браконьерликке бөгөт коюу максатында туруктуу негизде рейддер жана текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жарандардан түшкөн маалыматтардын негизинде да мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Министрлик Кызыл китепке