723 долбоордук-сметалык документацияга экспертиза жүргүзүлдү

723 долбоордук-сметалык документацияга экспертиза жүргүзүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти тарабынан 2026-жылдын январь–май айларында 723 долбоордук-сметалык документация боюнча экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери департаментке жалпысынан 882 даана долбоордук-сметалык документация келип түшкөн. Анын ичинен 723 даана долбоордук-сметалык документация боюнча долбоордук-техникалык экспертиза жүргүзүлгөн. 

Учурда 173 долбоордук-сметалык документация кароодо турат жана алар боюнча экспертиза жүргүзүү иштери улантылууда.
Мындан тышкары, 234 долбоордук-сметалык документация аныкталган кемчиликтерди жоюу жана толуктоо үчүн кайра иштеп чыгууга кайтарылган.

Белгилей кетсек, курулуш тармагында ар бир курула турган объекттин долбоордук-сметалык документациясы милдеттүү түрдө мамлекеттик экспертизадан өткөрүлөт. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча оң корутунду алынгандан кийин гана курулуш иштерин баштоого уруксат берилет. Бул талап курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын жана техникалык нормаларга шайкештигин камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media