Кыргызстандан экспорттолгон өсүмдүктөрдүн көлөмү 18 882, тоннаны түздү

Кыргызстандан экспорттолгон өсүмдүктөрдүн көлөмү 18 882, тоннаны түздү

2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандан экспорттолгон карантиндик көзөмөлдөгү өсүмдүк продукцияларынын жалпы көлөмү 18 882,37 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, экспорттун негизги бөлүгүн мөмө-жемиштер түзүп, алардын көлөмү 12 700,39 тонна болду. Ошондой эле 5 358,02 тонна мөмө-жемиштер жана 823,96 тонна цитрус жана тропикалык жемиштер чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

Экспорт боюнча негизги өнөктөш өлкө ­– Россия Федерациясы болуп саналат. Бул өлкөгө жалпысынан 10 712,78 тонна продукция экспорттолуп, жалпы экспорттун дээрлик 57 пайызын түздү.
Казакстан экинчи орунда болуп, бул өлкөгө 7 375,82 тонна продукция жөнөтүлгөн. Бул жалпы экспорттун болжол менен 39% туура келет.
Өзбекстанга экспорттолгон продукциянын көлөмү 1 790,90 тонна, ал эми Тажикстанга 34,8 тонна жана Катарга 0,2 тонна продукция чыгарылган.
Эң көп экспорттолгон продукция болуп алма эсептелет. Беш ай ичинде чет өлкөлөргө жалпысынан 8 331,88 тонна алма жөнөтүлгөн.

Андан кийинки орундарды төмөнкү продукциялар ээледи:

Кулпунай – 5 339,72 тонна

Алча – 2 493,96 тонна

Өрүк – 825,7 тонна

Мандарин  – 647,1 тонна

Алмурут – 542,7 тонна

Жүзүм – 3 тонна

Россияга экспорттолгон продукциялардын арасында эң чоң көлөмү:

кулпунай – 3 075,52 тонна

алма – 2 862,5 тонна

алча — 2 270,66 тонна

өрүк — 733,7 тонна 

Казакстанга жөнөтүлгөн продукциялардын басымдуу бөлүгү:

алма — 4 098,68 тонна

кулпунай — 2 264,2 тонна

алмурут — 532,7 тонна

алча — 223,3 тонна

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media