Мыйзамсыз курулуп жаткан тамактануучу жайдын курулушу токтотулду
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш обьектилерине пландан тышкаркы рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү иштеринин алкагында Жети-Өгүз районунун, Кызыл-Суу айылында жайгашкан коомдук тамактануучу жайдын курулушу уруксат берүүчү документтерисиз жүргүзүлүп, курулуп жаткан объектилердин реестрине катталбагандыгы маалым болду. Бул өз кезегинде мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.
Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тарап М.В. аттуу жаранга карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди белгиленген талаптарды так сактоого чакырат жана курулуш ченемдерин бузган тараптарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертет.