Суулардан мыйзамсыз 59 миң метр тор чыгарылды

Суулардан мыйзамсыз 59 миң метр тор чыгарылды

2026-жылдын башынан бери суу түбүнөн жалпысынан 59 миң метр мыйзамсыз синтетикалык тор чыгарылды. Бул Бишкектен Токмокко чейинки аралыкка тете көрсөткүч. Ошондой эле көлдөр менен суу сактагычтардан 1 тоннадан ашык таштанды тазаланды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын көлдөрү менен суу сактагычтарында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте уланууда. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору күнү-түнү рейддерди жүргүзүп, мыйзамсыз балык уулоого жана суу экосистемасына зыян келтирген фактыларга каршы күрөшүп жатышат.

Синтетикалык балык уулоочу торлорго тыюу салуу тууралуу мыйзамдын талаптарын аткаруунун алкагында өлкөнүн ири суу объектилерин тазалоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында:

- Ысык-Көлдөн – 30 300 метр тор жана 860 килограмм таштанды; 

- Токтогул суу сактагычынан ­– 26 400 метр тор; 

- Киров суу сактагычынан – 1 500 метр тор жана 300 килограмм таштанды; 

- Орто-Токой суу сактагычынан – 500 метр тор; 

- Соң-Көлдөн – 300 метр тор чыгарылды. 

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ысык-Көлдү, Соң-Көлдү жана өлкөнүн бардык суу байлыктарын сактоо боюнча иштерди мындан ары да улантат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media