Араванда азык-түлүк жарманкеси өттү
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан азык-түлүк жарманкеси өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманкеде күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр базар баасынан арзан сатылды. Жарманкеге дыйкандар өздөрү өндүргөн товарларын алып келишти. Сатып алуучуларга ортомчусуз түз сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жарманкеде жашылча жемиштер, сүт азыктары жана эт жарандарга жеткиликтүү баада сатылды.