“Калыс Ордо” менен “Алтын Казык конуштарын бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди

“Калыс Ордо” менен “Алтын Казык конуштарын бириктирген көпүрө пайдаланууга берилди

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда “Алтын Казык” жана “Калыс-Ордо”конуштарын бириктирген жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жаңы көпүрөнүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы инфратүзүмдүк объект район тургундары үчүн Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын суу берүүчү каналы аркылуу коопсуз жана ыңгайлуу өтүүнү камсыз кылды. Ошондой эле көпүрө “Алтын Казык” конушунда жашаган жана күн сайын коңшу конуштагы мектепке барып келген окуучулар үчүн коопсуз жол түздү.

Көпүрөнүн ачылышына Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары А.Байысов, №205 МАБдын жетекчиси, Кыргыз Республикасындагы Швейцария Конфедерациясынын элчиси Сироко Месерли, ошондой эле конуш тургундары жана коомдук активисттер катышты.

Көпүрөнүн курулушу жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоого жана шаарды инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган “Аракет” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Бул объект борбор калаанын жаңы конуштарын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, тургундардын коопсуздугун жогорулатты.

Долбоордун жалпы баасы 6,9 миллион сомду түздү. Анын ичинен 2,8 миллион сом “Аракет” долбоорунун алкагында Швейцария Конфедерациясы тарабынан каржыланса, 4,1 миллион сом Биринчи май райондук администрациясынын бюджетинен бөлүндү.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media