Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 33 кг баңгизат алынды

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 33 кг баңгизат алынды

Баткен облусунда баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү каналынын ишине бөгөт коюлду. “Баткен” бажысынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 33 килограммдан ашык гашиш алынды.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 22-апрелинде Кадамжай районунда 33 жаштагы жаран кармалган. Унаа каражаттарын текшерип кароо, өзүн текшерип кароо жана андан кийин кармалган адамдын жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жүрүшүндө баңгизат каражаттары табылып, алынды.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат каннабис чайыры болуп саналат. Алынган баңгизат каражатынын жалпы салмагы 33 килограммдан ашыкты түздү.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын укук коргоо органдарынын мындан аркы биргелешкен ишинин алкагында коңшу мамлекеттин аймагында кошумча иш-чаралар өткөрүлдү. Натыйжада кошумча 14 килограмм гашиш жана 1 килограмм опий алынды. Ошондой эле аталган баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналынын ишине тиешеси бар деп шектелген Өзбекстандын жараны кармалды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media