Оор кылмышка айыпталгандар Грузиядан Кыргызстанга алынып келинди

Оор кылмышка айыпталгандар Грузиядан Кыргызстанга алынып келинди

Башкы прокуратура Грузия жана Казакстандын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн натыйжалуу кызматташуусунун негизинде оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган эки жаран өлкө аймагына жеткирилди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөрдүн бири Т.Ж. – адам уурдоого айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жана анын шериктери жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып, күч колдонуу менен коркутуп, ага таандык коммерциялык уюмду өздөрүнүн атына өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.

Экинчи шектүү – Х.А. – өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал ишенимге кирүү жолу менен жарандардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, 90 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

Экстрадицияланган адамдар ИИМдин кызматкерлеринин коштоосунда Грузиядан Кыргызстанга жеткирилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11-13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына кабарланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарлаганына караганда, Министрлер Кабинетинин башчысы мекеменин алдына артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  Адылбек Касымалиев министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековго жооптуу кызматта ийгил