Студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган жарлык чыкты

Студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган жарлык чыкты

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Документ Кыргызстандын жарандарынын социалдык жана экономикалык абалына карабастан жеткиликтүү жана сапаттуу билим алууга болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана өлкөнүн бардык региондорунда билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн тең салмактуу өнүктүрүү максатында кабыл алынды. 

Жарлыкка ылайык, токтом кылынат:

- Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгиленсин. 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети: 

1. Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүк программасын иштеп чыксын жана бекитсин, анда төмөнкүлөр каралсын: 

– региондук тең салмактуулукту эске алуу менен мамлекеттик билим берүү гранттарынын квоталарын бөлүштүрүү; 

– Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүк программасына катышкан студенттерге стипендияларды берүү; 

– студенттерди ички авиаташуулар менен камсыз кылуу; 

– Кыргыз Республикасында студенттердин региондор аралык мобилдүүлүк программасынын шарттарына ылайык зарылдыгына жараша жана каражаттарды өздөштүрүүнү эске алуу менен кеминде 9000 студентти жайгаштырууга эсептелген жатаканаларды этабы менен жана системалуу түрдө куруу;

– жатаканаларды спорт аянтчалары, ашканалар, окуу борборлору жана башка зарыл инфраструктура менен камсыз кылуу; 

2. “Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда студенттердин стипендияларын жана транспорттук чыгымдарын төлөө боюнча чыгымдарга тиешелүү каражаттарды белгиленген тартипте карасын. Студенттик жатаканаларды курууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырсын.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media