8-июнда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

8-июнда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

8-июнда саат 09:30дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү аймагы: Байтик баатыр көчөсү - Иманалиев көчөсүнөн Лесхозная көчөсүнө чейинки тилкеде.
Суу берүүнү токтотуу МИКтин катлованынан суунун агып калууларын аныктоо авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу. 

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен
Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Кыргызстанда быйылкы жылдын алты айында 1 миллиондон ашуун адам гепатиттин вирустук В түрүнө каршы эмдөө алды. Алардын ичинен биринчи дозасы 446 319, экинчи дозасы 358 159, үчүнчү дозасы 250 534 адамга сайылган. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди. Маалыматка таянсак,

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын кымбатташы Кыргызстандагы баага да таасир эткенин билдирди. Бул тууралу ал "Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Амангелдиевдин айтымына караганда, акыркы эки айда бензиндин дүйнөлүк баасы дээрлик эки эсеге өсүп, бир тоннасы 860 доллардан 1700 долларга жеткен. Эгер өкмөт бааны

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

AИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы орусиялык компаниялар тарабынан киргизилген жеткирүү чектөөлөрүнө байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Лариса Шустикова “Биринчи”радионун" эфиринде билдирди. "Орусиялык компаниялар бул жерде иштеген өздөрүнүн ишканаларына АИ-95 бензинди жеткирүүнү чектешти. Ошол эле учурда, үч ири мунай ишканалары ишин улантып, запастарга

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багынын аймагын кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө объектти оңдоп-