Беларустун Премьер-министри калдыктарды кайра иштетүүчү ишканага барды

Беларустун Премьер-министри калдыктарды кайра иштетүүчү ишканага барды

4-июнда Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга  болгон расмий сапарынын алкагында Бишкек санитардык полигонунун аймагына барды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев конокту тосуп алып, 2025-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилген таштандыларды сорттоочу ишкананын иши менен тааныштырды. Бул объектте калдыктар сорттолуп, андан кийин кайра иштетүү үчүн кийинки этаптарга жөнөтүлөт.

Сорттолгон материалдар Фере көчөсүндөгү заводго жиберилип, ал жерден шаарды көрктөндүрүүчү элементтер, анын ичинде отургучтар, люктар, лотоктор жана башка материалдар жасалат. 

Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгына ылайык, объекттер үчүн технологиялык жабдууларды Беларустун "Сифания - Экотехника" компаниясы жеткирип берген.
Экинчи этап аяктагандан кийин, экотехнологиялык калдыктарды кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү завод Борбордук Азиядагы эң ири катуу калдыктарды кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүү долбооруна айланат.

Долбоордун ишке ашырылышы экологиялык кырдаалды бир топ жакшыртып, шаарды кошумча таза электр энергиясы менен камсыз кылат.

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Антимонополия кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен келишим түздү

Антимонополия кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен келишим түздү

Монополияны жөнгө салуу кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен күйүүчү майдын  баасын турукташтырууга багытталган макулдашууга кол койду. Монополия кызматынын маалыматына ылайык, документтин негизги максаты  – өлкөнү АИ-92 бензини, дизель майы жана автогаз менен туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү майдын негизсиз кымбатташына жол бербөө. Аталган кызмат макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөп, өлкөдөгү

Кыргызстанда жашыл лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстанда жашыл лизингди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду

Мамлекеттик лизинг компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Жашыл каржылоо фонду кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, компаниянын маалыматына ылайык, документ жашыл лизинг инструменттерин өнүктүрүүгө, ошондой эле бизнес үчүн заманбап каржылык чечимдердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Меморандумга Мамлекеттик лизинг компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Амантур Өмүров жана

Кар көчкү корунучу жогору тилкелерде илимий изилдөө жүргүзүлдү

Кар көчкү корунучу жогору тилкелерде илимий изилдөө жүргүзүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын Кар көчкү бөлүмүнүн адистери Балыкчы – Казарман – Манас унаа жолунун 326–349-чакырымдарындагы кар көчкү коркунучу жогору болгон тилкелерде талаа изилдөө иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка таянсак, изилдөөнүн негизги максаты жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана кар көчкүдөн коргоочу галереяларды куруу боюнча илимий негизделген

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар объектилерди текшерди

Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү бир катар объектилерди текшерди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна барып,