Мал доктурлар Суусамырда мониторинг иштерин жүргүзүштү

Мал доктурлар Суусамырда мониторинг иштерин жүргүзүштү

Жайыл районунда өткөн элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан Суусамыр өрөөнүндө мал жандыктарынын ооруп, өлүм учурлары катталып жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Бул тууралуу алар Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуу учурунда билдиришкен.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, жарандардын кайрылуусунун негизинде Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын адистери ыкчам түрдө Суусамыр өрөөнүнө барып, жеринде эпизоотиялык мониторинг иштерин жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө адистер жайыттардагы малдын абалы менен таанышып, оорунун белгилери байкалган же шектүү деп табылган малдардан лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн кан үлгүлөрүн алышты.

Текшерүүнүн алкагында төмөнкү иштер аткарылды:

Илдеттин түрүн тактоо жана алдын алуу максатында алынган кан үлгүлөрү Республикалык ветеринардык лабораторияга жөнөтүлдү;

Суусамыр өрөөнүндөгү мал көмүүчү жайлардын (биотермикалык чуңкурлардын) абалы текшерилип, санитардык-ветеринардык талаптардын сакталышы көзөмөлдөндү;

Мал ээлери жана жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Суусамыр өрөөнүндө жана жалпы Жайыл районунда эпизоотиялык абал туруктуу экени аныкталды. Учурда кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө болуп, мал арасында кооптуу жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы мал ээлерин малдын ден соолугунда кандайдыр бир өзгөрүүлөр же оорунун белгилери байкалган учурда дароо жергиликтүү ветеринардык адистерге кайрылууга чакырат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media