Нарын облусунун аймагына 20 см кар жаады

Нарын облусунун аймагына 20 см кар жаады

4-июнда саат 18:00дөн тартып Нарын облусунун аймагында нөшөрлөп жааган жаан-чачынга байланыштуу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана абалды көзөмөлдөө максатында тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып бара баштады. Облустук Жарандык коргонуу кызматтарына күч-каражаттарды даярдыкка келтирүү жана ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, Ат-Башы районунун Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрүнө болжол менен 15-20 сантиметр калыңдыкта кар жааган. Буга байланыштуу 5-июнь күнү саат 07:00дө Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлүп, аталган өрөөндөрдөгү малчыларды кошумча тоют менен камсыздоо иштерин уюштуруу чечими кабыл алынды.

Учурда жеринде абалды тактоо, жолдордун абалын баалоо жана зарыл болгон учурда кардан тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жол тейлөө мекемелеринин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жөнөтүлдү.
Ошондой эле Нарын районундагы Соң-Көл жайлоосуна болжол менен 7 сантиметр кар түшкөн. Азыркы тапта аймактагы кырдаал туруктуу болуп, мал-жандыктар үчүн кошумча тоют жеткирүүгө муктаждык жаралган жок.

Бүгүнкү күндө облуста түзүлгөн абалга байланыштуу облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кырдаал тыкыр көзөмөлгө алынып, калктын жана чарба субъекттеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media