Дене тарбия жана спорт академиясында оңдоп-түзөө иштери башталды

Дене тарбия жана спорт академиясында оңдоп-түзөө иштери башталды

Президенттин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарындагы Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев объекттеги долбоордук чечимдер жана курулуш иштеринин алгачкы этабы менен таанышты. Долбоор министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда.

Министр Нурдан Орунтаев объект олимпиадалык талаптарга ылайык курулуп жаткандыктан, курулуш иштеринин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
70 жылдык тарыхы бар спорт академиясында союз мезгилинен кийин пайдаланылбай калган бассейн калыбына келтирилип, үстү жабылган заманбап спорттук объектке айландырылат. Ошондой эле стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Долбоордун алкагында окуу корпустары, кең аудиториялар, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, санитардык-техникалык жайлар курулуп, аймак көрктөндүрүлөт жана заманбап инженердик коммуникациялар тартылат. 

Учурда эски имараттарды бузуу иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media