Кыргыз киносун өнүктүрүүгө 928 млн сом бөлүндү

Кыргыз киносун өнүктүрүүгө 928 млн сом бөлүндү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда кинематографияны өнүктүрүү, чыгармачыл индустрияларды колдоо жана заманбап маданий чөйрөнү калыптандыруу багытында ырааттуу мамлекеттик саясат ишке ашырылып жатканын билдирди. 

“Акыркы жылдары кино тармагына системалуу көңүл бурулду. “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыктын негизинде киного мамлекеттик колдоо көрсөтүү олуттуу күч алды. Мындан 4 жыл мурда бул тармакка 80 млн сом бөлүнүп келсе, быйыл 2026-жылы 928 млн сом, же 10 эседен көп бөлүнүп жатат. Экономикадагы жандануу, туруктуу 10-11%дык өсүштөрдүн натыйжасында калкыбызды руханий дүйнө азыктары менен көбүрөөк камсыз кылууга шарт түзүлдү. Кинематографиянын өнүгүүсүнө Президенттин Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” улуттук программасы таасирин тийгизип, стратегиялык багытын аныктайт”,  - деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Ал ошондой эле, кыргыз киносунун күчтүү кесиптик мектеби бар экенин, өткөн кылымдын 60-70-жылдары кыргыз киноискусствосу далай элдерди таң калтырып “Кыргыз керемети” деп даңазаланганын, мына ошол улуу муундун атактуу жолун татыктуу улаш үчүн азыркы муундун күчтүү  потенциалы бар экенин канааттануу менен белгиледи. 

“Мамлекет кыргыз киносу ишенимдүү өнүгө ала турган шарттарды түзүүнү уланта берет. Бишкек эл аралык кинофестивалы жылдан жылга өркүндөп, эл аралык аброю жогорулай турганына мен ишенем. Ушул фестивалдын атагын чыгара турган сиздер болосуздар, урматтуу замандаштар. Андыктан фестивалга катышкан бардык авторлорго, бардык кинофильмдерге ийгилик каалайм”, - деди Адылбек Касымалиев. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media