Жарандарды ишке орноштуруу борборунун көмөгү менен 11 675 адам жумуш тапкан

Жарандарды ишке орноштуруу борборунун көмөгү менен 11 675 адам жумуш тапкан

“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборуна барды. Бул иш сапардын жүрүшүндө журналисттерге Борбордун ишмердүүлүгү тааныштырылды. Анда жарандар өлкөдөн тышкары мыйзамдуу ишке орношуу, эмгек мигранттарын мамлекеттик колдоо чаралары, лицензияланган жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин иши тууралуу маалымат алып, ошондой эле чет өлкөгө чыгуунун алдындагы даярдыктан өтө алышат.

Маалыматка ылайык, өзгөчө көңүл Корея Республикасынын EPS системасынын алкагында Кыргызстандын жарандарын уюшкан түрдө ишке орноштуруу программасын ишке ашырууга бурулду. Бул багыттын актуалдуулугу статистикалык маалыматтар менен да тастыкталат: Борбор бул ишти 18 жылдан бери жүргүзүп келет, ушул мезгил аралыгында Корея Республикасында 5 миңден ашык кыргызстандык жаран эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Азыркы учурда бул программа боюнча ал жакта 1 600дөн ашык адам иштеп жатат, ал эми орточо эмгек акы айына болжол менен 1 700 долларды түзөт. Мындан тышкары, турак жай жана тамак-аш чыгымдары жарым-жартылай же толугу менен иш берүүчү тарабынан жабылат.

Министр уюшкан түрдө ишке орноштуруу жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, жарандардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, өлкөгө акча которуулардын өсүшүнө жана Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын чыңдалышына өбөлгө түзөрүн белгиледи. Канат Сагынбаевдин айтымында, жарандар өнүккөн эмгек рынокторунда өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга ээ болушу маанилүү, бул алардын мекениндеги жакындарына көрсөткөн колдоосун дагы да күчөтөт. Адамдын компетенциясынын деңгээли канчалык жогору болсо, анын кирешеси да ошончолук жогору болот. Ошондуктан чет өлкөгө чыгуунун алдындагы даярдык жана керектүү билим-көндүмдөрдү алууга шарт түзгөн ресурстук борборлорду өнүктүрүү чоң мааниге ээ.

Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын беш айынын ичинде анын көмөгү менен 11 675 жаран ишке орноштурулган. Борбордун ишмердүүлүгүнүн актуалдуулугу кызматташтыктын географиясынын кеңейиши менен да тастыкталат: Корея Республикасынан тышкары, Улуу Британия, Словакия Республикасы, Түркия жана башка мамлекеттер менен эки тараптуу келишимдердин алкагында ишке орноштурууга көмөк көрсөтүлүүдө.

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media