Ак-Тилек жаңы конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Ак-Тилек жаңы конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Ак-Тилек конушунда 100 орундуу жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу улантылууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жаңы объект аймактын социалдык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп, балдардын мектепке чейинки билим алуусу үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бала бакча борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан. Бүгүнкү күндө объектте кирпич дубалын орнотуу иштери толугу менен аяктады. Учурда ички жасалгалоо жана электр монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен
Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарындагы Кулмурзаев көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкек шаарындагы Кулмурзаев көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Кулмурзаев көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдорду калыбына келтирүү иштери 2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык төмөнкү бөлүктөрдө жүргүзүлүүдө: Куйручук көчөсүнөн Кулмурзаев көчөсүнө чейин; Молдокулов көчөсүнөн Куйручук көчөсүнө чейин. Долбоорго жолдун үстүнкү катмарын капиталдык оңдоо, тротуарларды орнотуу

Жеке ишкерге 700 миң сомго жакын кепилдик төлөм кайтарылды

Жеке ишкерге 700 миң сомго жакын кепилдик төлөм кайтарылды

Башкы прокуратура мамлекеттик орган тарабынан кармалып турган 692 миң 800 сомдук кепилдик төлөмдү ишкерге кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын  басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ишкер акчасын кайтарып алууга мыйзамдуу укугу бар экенине карабастан, анын бир нече жолу жолдогон кайрылуулары мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча жооптуу орган тарабынан

Бишкектеги А.Масалиев проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкектеги А.Масалиев проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 9-июндан 23-июнга чейин Абсамат Масалиев проспектисинин (Нават чайканасынын жанындагы) бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бул чектөөлөр жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгүн куруу иштерине байланыштуу жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну

Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине унаалар тапшырылды

Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине унаалар тапшырылды

9-июнда Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык калдыктарды коопсуз ташуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарга 10 даана адистештирилген автотранспорт тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы ырастады. Маалыматка ылайык, унааларды тапшыруу аземи Бишкек шаарында өтүп, ага Саламаттыктысактоо министри Дамир Осмонов, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жана өлкөнүн аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.