Бишкекте 900 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте 900 орундуу мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Түштүк-пландоо аймагында 900 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Объекттин курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзүп, беш блоктон турган мектеп курулууда. Анда, үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана жана бардык талаптарга жооп берген спорт зал каралган.

Учурда курулуш аянтчасында 70тен ашуун жумушчу эмгектенип, курулуш иштери белгиленген  нөөмөткө ылайык жүргүзүлүүдө. Объекттин курулушу министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп, аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, объектти электр энергиясы менен камсыздоодо кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу максатында күн панелдерин орнотуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бул чара объекттин энергиялык натыйжалуулугун арттырып,чыгымдарды азайтууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media