Кыргызстанда 8 миңден ашуун бош жумуш орду бар

Кыргызстанда 8 миңден ашуун бош жумуш орду бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата Кыргызстанда 8248 бош жумуш орду катталган. Эң чоң суроо-талап жумушчу адистиктерге байкалууда.

Учурда республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4% түзөт. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 60,2 миң адамга жетсе, алардын 38,7 миңи расмий түрдө жумушсуз макамын алган. Жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 54 807 жаран кайрылган.

Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү менен 4554 адам жумушка орноштурулган. Жумушсуздуктун деңгээлинин өсүшү жана эмгек рыногундагы талаптардын өзгөрүшү шартында жумушсуз жарандарды окутуу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен 2026-жылдын 1-майына карата 2697 жумушсуз жаран кесиптик окууга жөнөтүлгөн.

Эмгек рыногунда өзгөчө талап кылынган кесиптердин катарына компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюрчу, массажист, визажист, котормочу, 1С программасы боюнча тажрыйбалуу бухгалтер, тигүүчү, электр-газ ширетүүчү жана сантехник-слесарь кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media