Ноокендеги базарда текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү

Ноокендеги базарда текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин протоколдук тапшырмасына ылайык, Ноокен райондук ветеринардык, фитосанитардык жана карантиндик көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан Масы дыйкан базарындагы эт сатуучу жайларда текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында эт сатуу жана сактоо боюнча санитардык-гигиеналык талаптар негизинен сакталганы, эт азыктары тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер менен камсыздалганы аныкталды. Айрым соода түйүндөрүнүн ээлерине тазалыкты жакшыртуу боюнча оозеки эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле базарда сатылып жаткан мөмө-жемиштердин нитраттык көрсөткүчтөрү текшерилип, алардын баары белгиленген нормага жооп берери аныкталды


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен
Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине унаалар тапшырылды

Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине унаалар тапшырылды

9-июнда Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык калдыктарды коопсуз ташуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарга 10 даана адистештирилген автотранспорт тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы ырастады. Маалыматка ылайык, унааларды тапшыруу аземи Бишкек шаарында өтүп, ага Саламаттыктысактоо министри Дамир Осмонов, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жана өлкөнүн аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Баткенде баңгизат ташуу аракетине бөгөт коюлду

Баткенде баңгизат ташуу аракетине бөгөт коюлду

Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын мыйзамсыз ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Тажикстандан Өзбекстанга Баткен облусу аркылуу баңгизат ташып жүргөн уюшкан топтун ишмердүүлүгү тууралуу кабар түшкөн. КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунда Hyundai Sonata унаасы токтотулуп,

Ак-Тилек жаңы конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Ак-Тилек жаңы конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Ак-Тилек конушунда 100 орундуу жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу улантылууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жаңы объект аймактын социалдык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп, балдардын мектепке чейинки билим алуусу үчүн кошумча шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Бала бакча борбор калаанын

Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияга айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияга айып пул салынды

Бишкекте курулуш эрежелерин бузган компанияга карата административдик чара көрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкектин Карасаев көчөсүндө жайгашкан 9 кабаттуу конок үйдүн курулушунда мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Текшерүү учурунда мамлекеттик бирдиктүү объектилердин курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштери башталганы белгилүү болгон. Аталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш