Унаа токтотуучу жайларга акы төлөбөгөндөргө айып пул салынат

Унаа токтотуучу жайларга акы төлөбөгөндөргө айып пул салынат

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтоочу жайларда транспорт каражаттарын жайгаштыруу кызматтары үчүн өз убагында акы төлөө керек экендигин эскертет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа токтотуучу жайларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана муниципалдык унаа токтотуучу жайларды пайдалануу эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу максатында “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери “Жөө патруль” мобилдик тиркемесин колдонуп башташат. Бул тиркеме унаа токтотуучу орундардын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүгө, транспорт каражаттарынын жайгаштырылышын каттоого жана унаа орундардын толушун эсепке алууга мүмкүндүк берет. 

Заманбап санариптик куралдарды колдонуу эсепке алуунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, унаа токтотуучу жайды пайдалануу эрежелеринин сакталышын натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзөт.

Ошондой эле Укук бузуулар кодексинин 192-беренесине ылайык, акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга (акы төлөөнүн жана убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы болгондо) транспорт каражатын жайгаштыруу үчүн белгиленген акыны төлөөдөн качуу – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келерин эскертет. 
Бул унаа токтотуучу жайлардын бардык колдонуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга, бош орундардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, аларды пайдалануу тартибин сактоого, унаа токтотуучу орундарды узак убакытка ээлеп туруу учурларын азайтууга жана шаарда ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө багытталган. 

Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды муниципалдык унаа токтоочу жайларды пайдалануунун белгиленген эрежелерин сактоого, унаа токтотуучу жайлардын акысын өз убагында төлөөгө жана акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга транспорт каражатын токтоткондугу үчүн акы төлөбөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келерин эске алууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media