Казакстандан ташылып келинген калемпир жана козу карындар артка кайтарылды

Казакстандан ташылып келинген калемпир жана козу карындар артка кайтарылды

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан 4000 килограмм калемпир жана 2736 кг козу карын артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан “Ак-Жол” фитосанитардык текшерүү постунда 9-июнда Казакстандан ташылып кирген 4000 килограмм калемпир жана 2736 кг козу карын карантиндик фитосанитардык текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө, фитосанитардык сертификатыны жараксыз болуп калган.

Сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар, транспорттук коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиги аныкталган. 

Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун пунктуна ылайык, бул жүк кайра артка кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкулов Ош облусунун Ноокат районунда курулуп жаткан ири соода-логистикалык борбордун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, аталган долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара-Стоун” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткал районунда “Грант Холдинг” ЖЧКсы тарабынан кубаттуулугу 160 мегаватт болгон гидроэлектр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Чаткал райондук админстрациясынын жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты. Аталган ири инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин райондун энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип,

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Климаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган документ климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн өлкө калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген терс таасирин минималдаштырууга багытталган. Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары: Климаттын туруктуулугун

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

12-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы “Тешик-Таш” мөмө-жемиш базарынын аймагында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жарманкеде ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн жаңы, таза жашылча-жемиштерди түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына тартуулашат. Иш-чарага каалаган бардык дыйкандар