А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

А.Шыкмаматов: Журналисттерге дагы салыктык жеңилдиктер каралган

Президенттин креативдүү секторду салыктан бошотуу тууралуу жарлыгында каралган жеңилдиктерден Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары да пайдалана алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Шыкмаматовдун айтымында, жарлыкта “Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, анын ичинде тексттик, графикалык, аудио жана видеоматериалдарды даярдоо, жайгаштыруу жана жайылтуу кызматтары” жөнүндө сөз болот.

“Журналисттер, редакциялар жана операторлор дагы ушул категорияга кирет. Ошондуктан жарлык аларга да тиешелүү жана алар жеңилдиктерден пайдалана алышат”, — деди Салык кызматынын башчысы.

Креативдүү сектор үчүн салыктык жеңилдиктерге карата айтылган сын-пикирлерге жооп берип жатып, Алмамбет Шыкмаматов бул чараларды дарыгерлер менен мугалимдерди салыктан бошотуу сунуштары менен салыштыруу туура эмес экенин белгиледи.

“Дарыгерлер менен мугалимдерди салыктан бошотуш керек деген сөздөр – манипуляция. Алар мамлекеттик бюджеттен миллиарддаган сом алышат. Ал эми блогерлерге жана креативдүү индустрия өкүлдөрүнө берилген салыктык каникулдар келечекте чоң экономикалык натыйжа берет”, – деди ал.

Ошондой эле ал бул жеңилдиктердин алдыдагы президенттик шайлоо менен эч кандай байланышы жок экенин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media