Бишкек жана Кантта таза суу долбооруна 33 млн евро жумшалды

Бишкек жана Кантта таза суу долбооруна 33 млн евро жумшалды

Бишкек жана Кант шаарларында суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо инфраструктурасын жаңылоо боюнча ири долбоор ишке ашырылды. Бул тууралуу 16-июнда Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Швейцария өкмөтү, Европа Биримдиги жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган.

Бишкекте долбоордун алкагында 28 млн евро жумшалып, 16 км канализациялык коллекторлор жана 2,6 км суу түтүк магистралдары орнотулду. Ошондой эле 35 терең суу кудугу курулуп, суу чарба объектилери үчүн атайын техникалар сатылып алынды, лабораториялар жаңыланды.

Кант шаарында 5,12 млн евро каражатка 26 км суу түтүктөрү жана 37,9 км бөлүштүрүү тармактары алмаштырылды. Мындан тышкары 6800дөн ашуун суу эсептегич орнотулуп, кудуктарды калыбына келтирүү жана жаңы кудуктарды куруу иштери жүргүзүлдү.

Долбоордун негизги максаты калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо системасын жаңылоо экендиги белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Акча адалдоого байланышкан компанияларга айып салуу каралууда

Акча адалдоого байланышкан компанияларга айып салуу каралууда

Финансы министрлиги кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюуну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Анда айып пулдун өлчөмү компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер

Ишкер Media
Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдады. Билдирүүгө караганда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык,  маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Төрага Маматалиев Түркия менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, алакаларды

Ишкер Media
Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткен районунда калкты көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 19 көмүр сатуу түйүнү уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө көмүрдүн килограммы 9–10 сомдон сатылууда. Ал эми калктын керектөөсүн камсыздоо үчүн кампаларда жалпы 215 тонна көмүрдүн запасы бар. Мекеме учурда район аймагында көмүр тартыштыгы жоктугун

Ишкер Media
Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media