Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүүдө

Бишкек жылуулук электр борборунда алдыдагы күз-кыш мезгилине карата пландуу оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштердин негизги максаты — кыш мезгилинде калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.

Учурда станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары, ошондой эле имараттары жана курулмалары жаңыланууда. Бекитилген иш тартибине ылайык, №12, №14, №23 жана №16 отканалар оңдоого алынган.

Ошондой эле турбиналык агрегаттар боюнча иштер жүрүп, №5, №8, №9, №10 жана №11 турбиналар оңдолуп жатат.

Маалыматка караганда, 2025-жылы башталган №7 турбиналык агрегатты капиталдык оңдоо иштери быйыл толугу менен аяктайт. Мындан тышкары №3 жана №4 энергетикалык блоктор да иретке келтирилет.

Мындан тышкары окуңуз

Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында

Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №88 жалпы билим берүү мектебине 500 орундуу жаңы окуу имараты курулуп, учурда иш аяктоо алдында турат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ал заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу мекеме болот. Анын жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт. Долбоордун алкагында окуучулар

Жыл башынан бери баалар 5,5% өстү: эң көп эт, жемиш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады

Жыл башынан бери баалар 5,5% өстү: эң көп эт, жемиш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады

Кыргызстанда 2026-жылдын I жарым жылдыгында керектөө баалары жана тарифтер 5,5% өстү. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь-июнь айларында керектөө баалары 4% өскөн. Быйылкы жылдын биринчи кварталында баалар 3,3%га, экинчи кварталында 2,2%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты. Кайсы азык-түлүктөр кымбаттады? Жыл башынан

Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен

Баткендин тоолуу аймагынан Северцов аркары кездешти

Баткендин тоолуу аймагынан Северцов аркары кездешти

Баткен облусунун тоолуу аймагынан Северцов аркары кездешти. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жаныбар министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын аңчы-егерлери жүргүзгөн рейд учурунда байкалган. Адистер аркардын абалына байкоо жүргүзүп, анын табигый чөйрөдө жүргөнүн белгилешти. Министрликтин маалыматына караганда, жапайы жаныбарлардын адамдарга жакын аймактарда кездешүүсүнө жашоо