Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.