Ысык-Көлдө экологиялык талаптарды бузгандарга айып пул салынды
Ысык-Көлдө экологиялык рейд өтүп, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган бир катар фактылар аныкталды. Анын негизинде укук бузуу жөнүндө 8 административдик протокол түзүлүп, жалпысынан 111 миң 500 сом айып пул салынды.
Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык укук бузуулардын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында рейддик иш-чаралар туруктуу негизде уланат деп белгилешти Экологиялык кызматтан.