Ысык-Көлдө эл аралык бажы IT-конференциясы башталды

Ысык-Көлдө эл аралык бажы IT-конференциясы башталды

1-июнда Ысык-Көл облусунда “Бажы экосистемасы боюнча диалог” аттуу III эл аралык IT-конференция өз ишин баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана IT-адистер катышууда.

Конференциянын ачылышында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев азыркы бажы органдары текшерүүчү түзүм гана болбостон, эл аралык сооданы, логистиканы жана санариптик кызматтарды байланыштырган экосистемага айланганын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар бажы тармагына жасалма интеллектти киргизүү, санариптик транзиттик чечимдерди өнүктүрүү жана товарларды чек арадан өткөрүү жол-жоболорун ылдамдатуу маселелерин талкуулашууда.

Ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Сингапур, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү өз өлкөлөрүндөгү тажрыйбалар менен бөлүшүүдө. Бул тажрыйбаларды Кыргызстандын бажы системасын санариптештирүүдө колдонуу пландалууда.

Конференция Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси, Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) жана Европа биримдигинин колдоосу менен уюштурулган.

Мындан тышкары окуңуз

Акча адалдоого байланышкан компанияларга айып салуу каралууда

Акча адалдоого байланышкан компанияларга айып салуу каралууда

Финансы министрлиги кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюуну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Анда айып пулдун өлчөмү компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер

Ишкер Media
Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдады. Билдирүүгө караганда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык,  маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Төрага Маматалиев Түркия менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, алакаларды

Ишкер Media
Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткен районунда калкты көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 19 көмүр сатуу түйүнү уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө көмүрдүн килограммы 9–10 сомдон сатылууда. Ал эми калктын керектөөсүн камсыздоо үчүн кампаларда жалпы 215 тонна көмүрдүн запасы бар. Мекеме учурда район аймагында көмүр тартыштыгы жоктугун

Ишкер Media
Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media