Ак-Талаада заманбап спорт комплекс курулууда
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында заманбап спорт комплекс куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, жаңы спорткомплекстин жалпы аянты 2224 чарчы метрди түзөт. Имаратта 300 көрүүчүгө ылайыкталган спорт залы, күрөш залы, конференц-зал, машыктыруучунун кабинети жана спортчулар үчүн бардык шарттары бар кийим алмаштыруучу бөлмөлөр каралган.
Курулуш-монтаждоо иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор аймактагы спорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.