Алдамчылык жолу менен 7,8 млн сомго ээлик кылган жаран кармалды

Алдамчылык жолу менен 7,8 млн сомго ээлик кылган жаран кармалды

Алдамчылык жолу менен 7,8 миллион сомго ээ болуп, SIM-карталарды активдештирүүчү жана дропперликке шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин юасма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына Д.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, белгисиз адамдар WhatsApp мессенжери аркылуу байланышып, аны тыюу салынган уюмдарды каржылоого тиешеси бар деген жалган маалыматтарды айтып, психологиялык басым көрсөтүү жолу менен 7 миллион 800 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан абоненттик номурларды активдештирүү жана аккаунттарды сатуу менен алектенген 27 жаштагы Ф.В. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал активдештирген номурлар жабырлануучуга карата алдамчылык аракеттерди жасоодо колдонулган.

Мындан тышкары, жабырлануучунун акча каражаттары которулган банктык эсептин ээси болгон 19 жаштагы А.Д. аттуу жаран дагы аныкталып, кармалган. Тергөөдө анын банктык картасын үчүнчү жактарга кылмыштуу схемага пайдаланууга берип койгону белгилүү болгон.

Соттун чечими менен эки шектүүгө тең Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында кармоо менен эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Ыкчам жүргүзүлгөн тинтүү учурунда ар түрдүү байланыш операторлоруна тиешелүү 155 SIM-карта, 7 уюлдук телефон, 2 ноутбук, ошондой эле экспертизага жөнөтүлгөн алтын түстөгү буюмдар салынган 8 зип-пакет табылып, алынган.

Ички иштер министрлиги жарандарды банктык карталарын, эсептерин, SIM-карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат. Ошондой эле белгисиз адамдардан келген чалууларга жана билдирүүлөргө этият мамиле кылуу зарыл. Алдамчылар көп учурда жарандардын акча каражаттарын ээлеп алуу үчүн психологиялык басым көрсөтүү жана алдоо ыкмаларын колдонушат.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media