Бишкекте көп функционалдуу аянтча пайдаланууга берилди

Бишкекте көп функционалдуу аянтча пайдаланууга берилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Абдрахманов жана Самойленко көчөлөрүнүн кесилишинде Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп бүткөрүлгөн көп функционалдуу аянтчанын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шаар башчысы Айбек Жунушалиев мындай объектилерди куруу өсүп келе жаткан муун үчүн заманбап спорт менен машыгууга жана активдүү эс алууга шарт түзүүгө, ошондой эле жашоочулар үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларын уюштурууга багытталганын белгиледи.

“Биз бул багыттагы иштерди мындан ары да улантабыз. Алдыбызда чоң милдеттер турат. Быйыл республикалык бюджеттин колдоосу, ошондой эле инвестициялар жана мэриянын каражаттарынын эсебинен борбор калаада 36 мектептин курулушу пландалууда. Бишкекте шаар тургундарына зарыл болгон социалдык объектилердин саны дагы көбөйүшү үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз»”, – деди мэр.

Долбоордун алкагында аймакта кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы жана балдар оюн аянтчалары курулду. Аймактын жалпы аянты 0,6 гектарды түзөт. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу системалары орнотулуп, чуркоо жолдору салынып, резина жабуу төшөлдү.

Мындан тышкары гранит менен капталган сырткы тепкичтер жана пандустар орнотулду. Аймакты көрктөндүрүү жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча кошумча иштер да аткарылды. Долбоор жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланды. 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media