Кара-Балта дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт

Кара-Балта дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй облусу боюнча Жайыл райондук башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Кара-Балта дарыясынын жээгин көрктөндүрүү үчүн эскиздик долбоор иштелип чыкты. 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул ирет Кара-Балта шаарындагы Кара-Балта дарыясынын жээгин, Жайыл Баатыр көчөсү менен кесилишкен аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор даярдалды. 

Долбоордо көчөлөрдү жарыктандыруу, отургучтарды жана таштанды урналарын орнотуу, жашыл аймактарды түзүү, жөө жүргүнчүлөр жана майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлуу жөө жүрүү жолдорун салуу, ошондой эле параллелдүү унаа токтотуучу жайларды уюштуруу каралган. Мындан тышкары, аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгү да эске алынган. 

Бул долбоор ушул убакка чейин пайдаланылбай келген дарыя жээгиндеги аймакты заманбап, коопсуз жана көп функционалдуу коомдук мейкиндикке айландырууга багытталган. Аны ишке ашыруу шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртып, аймактын көркүн арттырууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media