Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экологиялык демилгелерди талкуулашты

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк экологиялык демилгелерди талкуулашты

Бишкекте Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банктын "Планета" багыты боюнча вице-президенти Гуанчжэ Чэнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билирди.

Жолугушууда тараптар Дүйнөлүк банк менен айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык саясат жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги иштерди талкуулашты.

Министр Акыл Токтобаев өлкөдө ишке ашырылып жаткан «Абанын сапатын жакшыртуу» (AQIP) долбооруна көрсөткөн колдоосу үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, долбоордун алкагында абанын сапатын көзөмөлдөөнүн улуттук системасы жаңыланып, экологиялык мониторинг күчөтүлүүдө.

Жолугушууда эл аралык тоо күн тартиби да өзгөчө көңүл борборунда болду. Кыргыз тарап 2027-жылы өткөрүлүшү пландалып жаткан Бишкек+25 Экинчи Глобалдык тоо саммити боюнча даярдык иштери тууралуу маалымат берип, тоолуу мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн колдоого багытталган эл аралык механизмдерди түзүү демилгесин тааныштырды.

Мындан тышкары, кызматташуунун жаңы багыттары катары геопарктарды өнүктүрүү жана туруктуу экотуризм маселелери каралды. Министр геопарктар жаратылыш жана геологиялык мурастарды сактоого, инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, ошондой эле климаттык туруктуулук, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана жашыл экономиканы илгерилетүү багыттарындагы кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Акча адалдоого байланышкан компанияларга айып салуу каралууда

Акча адалдоого байланышкан компанияларга айып салуу каралууда

Финансы министрлиги кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюуну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Анда айып пулдун өлчөмү компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер

Ишкер Media
Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдады. Билдирүүгө караганда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык,  маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Төрага Маматалиев Түркия менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, алакаларды

Ишкер Media
Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткен районунда калкты көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 19 көмүр сатуу түйүнү уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө көмүрдүн килограммы 9–10 сомдон сатылууда. Ал эми калктын керектөөсүн камсыздоо үчүн кампаларда жалпы 215 тонна көмүрдүн запасы бар. Мекеме учурда район аймагында көмүр тартыштыгы жоктугун

Ишкер Media
Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media