Кыргызстанда заманбап “Карантиндик аймак” борбору курулат

Кыргызстанда заманбап “Карантиндик аймак” борбору курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу  Сауд өнүктүрүү фондунун делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабия падышачылыгынын ортосундагы гранттык макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жаткан карантиндик аймакты куруу жана жабдуу долбоорунун аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Долбоор малды убактылуу кармоочу заманбап индустриалдык-логистикалык “Карантиндик аймак борборун курууну карайт. Бул борбор ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө жана биологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Кыргыз тарап көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн Сауд өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирип, долбоор эпизоотиялык тобокелдиктерди азайтуу, мал чарба тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду мындан ары да илгерилетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырастап, аны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында тыгыз кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media