Мыйзамсыз берилген 7 гектар жер мамлекетке кайтарылды
УКМК тарабынан токой фондуна жана жайыт жерлерине кирген жалпы аянты 7 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жыйынтыгында Ат-Башы районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер тилкелерин жеке менчикке берүү жөнүндө кабыл алынган чечимдер жана жер тилкесине болгон укуктарды каттоо өлкөдөгү жер мамилелерин, жайыттарды жана токой ресурстарын жөнгө салган мыйзамдардын талаптарына түздөн-түз карама-каршы келери аныкталды.
Натыйжада аянты 7 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.