Трансформатор оңдоочу ишкана текшерилип, айып пул салынды

Трансформатор оңдоочу ишкана текшерилип, айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кочкор айылындагы трансформатор оңдоочу цехтин курулушунда мыйзам бузуу фактылары катталды.

Тактап айтканда, аталган объектиде курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер толук сакталган эмес. Мындан улам “Адис Строй ПСО” ЖЧКсына карата административдик чара көрүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу жана курулуш иштерин талапка ылайык келтирүү боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык компанияларды курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын жана курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаада заманбап спорт комплекс курулууда

Ак-Талаада заманбап спорт комплекс курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында заманбап спорт комплекс куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, жаңы спорткомплекстин жалпы аянты 2224 чарчы метрди түзөт. Имаратта 300 көрүүчүгө ылайыкталган спорт залы, күрөш залы, конференц-зал, машыктыруучунун

Кыргызстан менен Жапония кен байлыктарды изилдөө жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Жапония кен байлыктарды изилдөө жаатында кызматташат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жапониянын JOGMEC мамлекеттик корпорациясынын төрагасы Шинжи Тарутоко жана Жапон-Кыргыз экономикалык кызматташтык ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Министрлик билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандын минералдык-сырьёлук ресурстары жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Акыл Токтобаев өлкөнүн кен байлыктарын изилдөө жана пайдалануу жаатында жапон уюмдары жана

9 млн долларга алма концентратын өндүрүүчү завод курулууда

9 млн долларга алма концентратын өндүрүүчү завод курулууда

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагында курулуп жаткан “GLOBAL ECO GREEN” компаниясынын алма концентратын өндүрүүчү заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган аймактын өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, жеке ишкер тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 9

Кара-Сууда 12 айылды камтыган таза суу тутуму ишке берилди

Кара-Сууда 12 айылды камтыган таза суу тутуму ишке берилди

18-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы "Отуз-Адыр" чакан долбоорунун негизинде ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун пайдаланууга берүү аземине катышты. Долбоор Отуз-Адыр жана Савай-Арык айыл аймактарындагы 12 калктуу конушту камтып, жалпы 30 миңге жакын