Анкарада Кыргызстандын курулуш долбоорлору тааныштырылды

Анкарада Кыргызстандын курулуш долбоорлору тааныштырылды

Анкарада өтүп жаткан “Түркиянын курулуш саммити – 2026” эл аралык форумунда Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация катышууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, саммит курулуш тармагын өнүктүрүү, инновациялык технологияларды жайылтуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ири аянтча болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр кыргыз-түрк кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн курулуш компанияларынын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Мындан тышкары, Нурдан Орунтаев Түркиянын Куруучулар союзунун президенти Эрдал Эрен менен жолугушуп, курулуш тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Министрлик белгилегендей, иш-чара Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана курулуш тармагына алдыңкы технологияларды тартууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Акча адалдоого байланышкан компанияларга айып салуу каралууда

Акча адалдоого байланышкан компанияларга айып салуу каралууда

Финансы министрлиги кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюуну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Анда айып пулдун өлчөмү компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер

Ишкер Media
Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдады. Билдирүүгө караганда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык,  маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Төрага Маматалиев Түркия менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, алакаларды

Ишкер Media
Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткен районунда калкты көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 19 көмүр сатуу түйүнү уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө көмүрдүн килограммы 9–10 сомдон сатылууда. Ал эми калктын керектөөсүн камсыздоо үчүн кампаларда жалпы 215 тонна көмүрдүн запасы бар. Мекеме учурда район аймагында көмүр тартыштыгы жоктугун

Ишкер Media
Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media