23-июнда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт
23-июнда саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
Достоевский көчөсү - Анкара көчөсү - Ауэзов көчөсү - темир жол линиясы. Ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу берүү токтотулат.
Контррезервуар суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.