Ат-Башыда каналдар тазаланып, жол оңдолууда

Ат-Башыда каналдар тазаланып, жол оңдолууда

Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айыл аймагында муниципалитеттер аралык кызматташуунун жана ашар ыкмасынын негизинде айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иштер кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ат-Башы райондук админстрациясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жалпы узундугу 9 чакырым болгон Сары-Тал каналы тазаланып, оңдолууда. Бул каналды оңдоп, тазалоосу бүтсө 1000 гектардан ашык айдоо аянты сугат суу менен туруктуу камсыз болот. Ошондой эле Өзгөрүш айылынын капталындагы 3 км болгон Көк-Каптал каналы да тазаланып, 300 гектар жер суу менен камсыз болуп, дыйкандардын эмгегинин үзүрүн арттырууга жана айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүлдү. 

Канал тазалоо иштеринен тышкары, Чар – Ак-Муз унаа жолунун 3,9 – 11,7-чакырым аралыгындагы жалпы 7,8 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөө жумуштары аткарылууда. Бүгүнкү күндө жолдун 3 чакырымына асфальт төшөлүп бүтүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда.

Аталган долбоорлордун ишке ашырылышы, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, сугат суу менен камсыздоону жакшыртат жана жол коопсуздугун жогорулатып калктын жашоо шартын дагы да жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media