Канттагы таштанды жайдан өрт чыкты
Интернет булактарына жарыяланган маалыматка карата чара көрүлдү. 18-июнда бир катар маалымат агенттиктеринде Чүй облусунун Кант шаарындагы таштанды талаасында өрт чыгып, кооптуу жагдайды жаратып жаткандыгы боюнча маалымат тараган.
Жаратылыш ресурстары министрилигинин маалыматына ылайык, аталган факты боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында Кант шаардык мэриясына карата протокол түзүлүп, 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.