Манас шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

Манас шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында алты жаңы мектеп курулууда. Алардын бири – Манас муниципалдык аймагында жайгашкан 500 орундуу №13 мектеп. 

Курулуш министрлигинин маалыматына таянсак, долбоорго ылайык, билим уясы беш блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулууда. Жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзөт.

Анда заманбап окуу класстары, китепкана, эки кабаттуу 322 орундуу жыйындар залы, азык-түлүк сактоочу кампасы менен ашкана жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашат.

Учурда курулуш аянтчасында 60 жумушчу эмгектенип жатат. Имараттын биринчи кабатынын дубалдары тургузулуп, үчүнчү кабаттын монолиттик иштери аяктап калды.

Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынып, аткарылган иштердин ар бир этабы белгиленген талаптарга ылайык текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media