Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады
Манас шаарында 18-июнда катталган катуу шамалдын кесепетинен төрт дарак сынып, эки адам жабыркады. Жабыркаган адамдардын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, катуу шамалдан 7 көп кабаттуу турак үйдүн чатыры жабыркаган. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын айынан 8 турак үйдүн короосун суу каптаган.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14 кызматкер, 1 бирдик АСМ, 3 бирдик мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматтарынан 65 адам, 8 атайын жана инженердик техникалар тартылган.