Улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар жарандыктан ажыратылат

Улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар жарандыктан ажыратылат

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгы маселелерин кароо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизген Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жаңы тартипке ылайык, жарандык алуу жана андан чыгуу боюнча бардык документтер автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу электрондук жана кагаз түрүндө таризделет. Мындан ары арыздар электрондук кол тамга менен да ырасталат.

Ошондой эле жарандык алуу үчүн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда каттоодо болуп, жашоого уруксат берүүчү документтердин бирине ээ болушу керек. Бирок бул талаптар этникалык кыргыздарга жана өлкөдө жашаган айрым жарандыгы жок адамдарга тиешелүү болбойт.

Мындан тышкары, Кыргызстанда төрөлгөн этникалык кыргыздардын балдары ата-энесинин жарандыгына карабастан Кыргызстандын жараны деп таанылат.
Жарлыкта улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан учурларда жарандык берүүдөн баш тартуу же айрым жарандарды жарандыктан ажыратуу негиздери да каралган.

Жаңы өзгөртүүлөр расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media