Кыргызстан менен Түркия шаар куруу жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Түркия шаар куруу жаатында кызматташат

18-июнда Анкара шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен Түркиянын айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курумдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Курулуш минисрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосунда Шаар куруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Кол коюу аземи “Түркиянын Курулуш саммити – 2026” иш-чарасынын алкагында өттү.

Белгилей кетсек, макулдашуу 2024-жылдын ноябрь айындагы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын логикалык уландысы жана практикалык жыйынтыгы, ошондой эле эки өлкөнүн тармактык министрликтеринин тыгыз кызматташуусунун натыйжасы болуп саналат.

Жолугушууда тараптар курулуш тармагындагы кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү, биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Бул макулдашуу - шаар куруу, архитектура, аймактык пландаштыруу жана туруктуу өнүгүү багыттарында эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдап, тажрыйба алмашууга жана заманбап курулуш ыкмаларын жайылтууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media