Жолду оңдоо иштеринде курулуш нормаларын бузган ишканага айып пул салынды

Жолду оңдоо иштеринде курулуш нормаларын бузган ишканага айып пул салынды

Жалал-Абад облусундагы Үч-Терек – Жетиген жолунун оңдоо иштеринде курулуш нормаларынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти жолдун оңдоо иштерин текшерип, лабораториялык анализ үчүн үлгүлөрдү алган. Изилдөөнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Тактап айтканда, айрым жерлерде асфальт бетон негизсиз түз эле топурактын үстүнө төшөлгөнү белгилүү болгон. Мунун кесепетинен жолдун айрым бөлүктөрүндө жабуунун деформациясы жана жылышы катталган.

Долбоор боюнча асфальттын калыңдыгы 7 сантиметр болушу керек болсо, текшерүүдө анын айрым жерлерде болгону 3 - 5 сантиметр экени аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында лицензияланган карьерден алынган материалдарды колдонуу, талаптарга жооп бербеген тилкелерди кайра оңдоо жана бардык кемчиликтерди толук жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Ошондой эле оңдоо иштерин жүргүзгөн мамлекеттик жол ишканасы “ДЭП-30га”курулуш нормаларын так сактоо тапшырылып, аныкталган мыйзам бузуулар үчүн 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media