1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

Президенти тарабынан 2026-жылдын 3-июнундагы “Чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу чаралары жөнүндө” Жарлыкка кол коюлган.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Жарлыкта 2026-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө боло турган транспорт каражаттарын легалдаштыруунун кошумча тартиби каралган.

Кыргызстандын аймагына 2024-жылдын 31-декабрына чейин киргизилген жана белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтпөгөн транспорт каражаттары гана легалдаштырылат.

2025-2026-жылдары Кыргызстандын аймагына киргизилген автотранспорт каражаттары бул Жарлыктын колдонуу чөйрөсүнө кирбейт жана легалдаштырылбайт.

Кошумча легалдаштыруу тартиби бир жолку, өзгөчө жана акыркы мүнөзгө ээ болуп, узартылбайт. 2026-жылдын 1-сентябрынан кийин чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууга жол берилбейт.

Айрыкча көңүл буруучу жагдай – ушул Жарлыктын алкагында легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн транспорт каражаттары үчүнчү жактардын пайдасына ажыратылууга жатпайт. Мындай транспорт каражаттарын сатууга, белекке берүүгө, ишеним кат боюнча өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө же башка жол менен башка адамдарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат. 

Легалдаштырылган транспорт каражатын башкарууга аны легалдаштыруу тартибине ылайык кимге катталган болсо, ошол адамга гана уруксат берилет.
Экономика жана коммерция министрлиги жарандарды легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн жана мурда катталган өлкөлөрдө каттоодон чыгарылбаган чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын сатып албоого чакырат.

Мындай транспорт каражаттарын сатып алуу – аларды мыйзамдуу каттоонун жана Кыргызстандын аймагында андан ары пайдалануунун мүмкүн эместигин кошо алганда, олуттуу укуктук жана финансылык тобокелдиктерге алып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media