Бишкекте курулуп жаткан мектептер текшерилди

Бишкекте курулуп жаткан мектептер текшерилди

21-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан 12 мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштери курулушу ушул жылдын башында башталган Октябрь жана Ленин райондорундагы жаңы мектептерде жүргүзүлдү. Көчмө текшерүүдө курулуштун сапаты, жумушчулардын саны, иштин жүрүү темпи жана графиктин сакталышы каралды. Ошондой эле колдонулуп жаткан курулуш материалдарынын сапатына өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүгө алынган мектептер: 

Ленин району:

№42 мектепке 385 орундуу жаңы корпус

Кашка-Баш айылы 750 орундуу жаңы мектеп

Ак-Ордо конушу, 750 орундуу жаңы мектеп

№55 мектепке 1200 орундуу жаңы корпус

Жал кичи району, №72 мектепке 750 орундуу корпус

Арча-Бешик конушу, №79 мектепке 560 орундуу жаңы корпус

Октябрь району:

Көк-Жар конушу, №88 мектепке 500 орундуу жаңы корпус

Түштүк пландоо аймагы, 750 орундуу жаңы мектеп

№8 кичи район, №64 мектепке 800 орундуу жаңы корпус

Өскөн-Ордо конушу 750 орундуу жаңы мектеп

Кара-Жыгач конушу, №91 мектеп 750 орундуу жаңы корпус

Көк-Жар айылы 750 орундуу жаңы мектеп

Министр өз сөзүндө курулуш иштеринин сапаты жана белгиленген мөөнөттөрдүн так аткарылышы өзгөчө көзөмөлдө болорун белгиледи. Айрым объектилерде курулуш темпи жай жүрүп жатканы жана жумушчу күчүнүн жетишсиздиги белгиленип, тиешелүү подряддык уюмдарга эскертүүлөр берилди. Кээ бир курулуш иштеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча мөөнөт коюлду.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө президенттин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 20 билим берүү объектисинин курулушу жүрүп жатат. 

Алар: Октябрь району – 6 объект, Ленин району – 6 объект, Биринчи май району – 5 объект, Свердлов району – 3 объект. 

Долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media