Бишкекте велосипед үчүн атайын жолдор чийилүүдө

Бишкекте велосипед үчүн атайын жолдор чийилүүдө

Шаардык велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында Токтогул көчөсүндө веложол үчүн жаңы бөлгүчтөр коюлууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи сыноо тилкеси – Токтогул көчөсү Айтматов проспектисинен тартып Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү болот. Бул тилкеде бөлгүчтөрдү орнотуунун натыйжалуулугу алардын жол кыймылынын коопсуздугуна жана бардык жол катышуучуларына тийгизген таасири бааланат.

Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин жашоочулардын жана веложол колдонуучулардын пикирлерин эске алуу менен жыйынтыктар талданат. Алынган маалыматтардын негизинде долбоорду мындан ары кеңейтүү жана шаардын башка аймактарына бөлгүчтөрдү орнотуу боюнча чечим кабыл алынат.

Экинчи этапта Токтогул көчөсү Айтматов проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иш жүргүзүү пландалууда.

Сыноо учурунда эң ыңгайлуу жана коопсуз чечимди табуу үчүн бөлгүчтөрдүн формасын, өлчөмүн же конструкциясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү да каралат.

Долбоордун негизги максаты – велосипедчилердин коопсуздугун жогорулатуу жана шаар ичинде жүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media