Ош шаарында жаңы базар ачылды

Ош шаарында жаңы базар ачылды

21-июнда Ош шаарынын борбордук базарында Жибек Жолу базары ачылды. Базарда 1400 соода орундук даярдалган. Жибек Жолу базарына эски Келечек базарындагы ижарада соода кылгандар биринчилерден болуп орун алып жайгашкан. 

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда,  базарда 4 ангар курулган. Ангарга Ош көчөсүндө соода кылган килем, эмерек базары көчүп келген. 

Чоң кафелер Чыгдан, Төрт казан сыяктуу 11 тамактануучу жайлары бар. Сулуулук салондору, кийим кечек саткандар да орун алган. 

Расмий салтанатка Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жеке ишкерлер, коноктор катышты. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте чакан кредиттик компаниянын иши токтотулду

Бишкекте чакан кредиттик компаниянын иши токтотулду

Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы чакан кредиттик компаниялардын биринин иши токтотулду. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-июнунан тартып Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан “Бай-Эл Кредит” МКК” ЖЧКнын 2009-жылдын 25-майында алган №212 эсептик каттоо тууралуу күбөлүгү кайтарылып алынды. 19-

Бишкекте чет элдик валюталардын куну төмөндөдү

Бишкекте чет элдик валюталардын куну төмөндөдү

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 22-июнга карата негизги чет элдик валюталардын курсу төмөндөдү. Бул тууралуу valuta.kg мониторингинин маалыматтары кабарлайт. Саат 11:55ке карата Моссовет аймагындагы АКШ доллары 87,39 сомдон сатып алынып, 87,81 сомдон сатылууда. Евро валютасы да арзандап, акча алмаштыруучу жайларда 99,97 сомдон сатып алынып, 100,

Таласта 10 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Таласта 10 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Талас районунда курамында баңгизат бар 10 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында текшерүү жүрдү. Райондун аймагынан жапайы кара куурай өскөн тилкелер аныкталып, өсүмдүктөр чабылып, өрттөлдү. Ички иштер органдары калк арасында баңгизаттардын

Бишкекте велосипед үчүн атайын жолдор чийилүүдө

Бишкекте велосипед үчүн атайын жолдор чийилүүдө

Шаардык велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында Токтогул көчөсүндө веложол үчүн жаңы бөлгүчтөр коюлууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчи сыноо тилкеси – Токтогул көчөсү Айтматов проспектисинен тартып Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү болот. Бул тилкеде бөлгүчтөрдү орнотуунун натыйжалуулугу алардын жол кыймылынын коопсуздугуна жана бардык жол катышуучуларына тийгизген таасири бааланат.